Share to: share facebook share twitter share wa share telegram print page

Узакбай Абдукаимов

Узакбай Абдукаимов (1909, Сузак р-ну – 1963, Бишкек ш.) - кыргыздын чыгаан романист жазуучусу. Анын "Майдан" романы экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги майдандагы жана ооруктагы кыргыздардын татаал тагдырын чагылдырат. Белгилүү котормочу, прозаик, акын жана драматург Узакбай Абдукаимов 1909-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган. 1919-жылы Көк-Арт интернатына кирип, аны бүткөндөн кийин 1922-жылдан 1925-жылга чейин Ташкенттеги казак-кыргыз институтунда окугандан кийин Фрунзедеги (Бишкек) Кыргызстан педтехникумга которулган. 1929-жылы бүтүрүп чыгат да, мектепте директор болуп иштейт. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышат. 1945-жылы согуштан кайткандан кийин Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Жазуучулар союзунда эмгектенген. Жазуучунун чыгармачылык иши жыйырманчы жылдардын аягында башталып, ал бир катар оригиналдуу, мыкты чыгармаларды жазат. Аны «Айдар менен Айша» операсынын либреттосу, «Кыздын таалайы» повести, «Көл боюнда» либреттосунун тексти жана ырлары көпчүлүккө белгилүү. Кийинчерээк Ата Мекендик согуш темасынан алып «Майдан» аттуу роман жазган. Узакбай Абдукаимов котормо ишине 1933-жылдан баштап киришкен. Орус жана батыш адабияттары менен жакын таанышып, аларды кыргыз тилине эң жакшы которгондуктан, анын котормосундагы чыгармаларды окуганда, чыгарманын котормо экендиги унутулуп калат. Демек жазуучу аларды жөн гана которбостон кыргыз тилинде кайра жараткан.

Булактар

  • Кыргыз энциклопедиясы. Б., 2007.

Read other information related to :Узакбай Абдукаимов/

Kembali kehalaman sebelumnya