Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы — 2020-жылдын 18-мартында катталган
Covid-19дун башталышы
2019-жылы декабрда Ухань шаарында белгисиз пневмониянын алгачкы учурлары катталган. Кытай бийлиги белгисиз пандемия башталганын жарыялап, 22-январдан тарта Ухань карантинге[2] жабылууга мажбур болгон.
Бул дүйнө жүзү боюнча глобалдык карантиндин башталышы болгон. Ал эми 17-мартта Кыргызстан чек араны толугу менен жаап, чет элдиктердин киришине тыюу салган. Өкмөт 50дөн ашык орундуу ресторандар менен кафелердин иштешине тыюу салып, муфтият өлкөдөгү жума намазын токтоткон.
Хронология
Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган алгачкы 3 Кыргызстандын жараны Сауд Аравиядан12-мартта учуп келишкен. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, обсервацияга алынган. Бул бейтаптар Сузак районунун Благовещенка жана Бостон айылынын тургундары болуп чыккан. 21-24[3] мартта өкмөт өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизген.
Кыргызстанда 24-мартка карата жалпысынан COVID-19 оорусу боюнча 42 тастыкталган учур катталды. Өзгөчө кырдаал учурунда негизинен, дүкөндөр, дарыканалар, негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр (нан, сүт) ишин улантып, май куюучу жайлар, тигүү цехтери, техникалык тейлөө станциялары, турак жай-коммуналдык чарба тармактары гана иштеген.
Дезинфекция жалпы өлкө боюнча массалык түрдө, айрыкча коронавирус табылган шаарларда жана аймактарда текши жүргүзүлгөн.
4) эл аралык базар баалары жана пандемиянын башкаларга тийгизген таасири. Бардыгы Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосунда жабык болгон.
Соода чараларына токтолсок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 22-мартында буудайды, унду жана башка кээ бир өнүмдөрдү экспорттоого 6 айлык тыюу салынган.
Тыюу тамак-аш, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттарды да камтыган. 2020-жылдын май айында алтындын баасы бир трой унциясы үчүн 1700 доллардан ашып, 34% га жогорулады. 2020-жылдын алгачкы 4 айында өлкөнүн экономикасынын төмөндөөсү 2019-жылдын деңгээлинен 3% га жогору болгон.
Азык-түлүк жана айыл чарба азык-түлүк бааларынын индексине ылайык баалар 2020-жылдын май айында 2020-жылдын апрелине салыштырмалуу 1,9%[4] га төмөндөп, 2019-жылдын май айына салыштырмалуу 6,5% га түшкөн.
Ички каналдар. Бул каналдар COVID-19 түздөн-түз таасирин камтыйт, ден-соолук, ошондой эле Өкмөт тарабынан киргизилген улуттук карантиндик режим жана ушуга байланыштуу чаралар. Башкача айтканда, биринчи жолу инфекция кыргыздарда качан катталганын, мамлекетте өзгөчө кырдаал качан киргизилгендиги ж.б.у.с..
Кыргызстандагы Covid-19 жагдайы
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал жеӊилдей элек.[5] Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына ылайык, 2-ноябрда 436 жаңы инфекция катталды. Мындан тышкары, ушул күндүн ичинде ушул вирус менен беш адам каза болду. Акыркы суткада каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынын тургундары.
Ошондой эле Баткен облусунда дээрлик күн сайын адам өлүмү катталып турат. Расмий маалыматтар боюнча, бул аймакта илдетке чалдыккандардын саны 5 552 адамга жеткен. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасында пандемия башталгандан бери жалпысынан 59 миң 879 адам коронавирусту жуктуруп алган. Анын ичинен 50 миң 741 жаран айыгып, 1 миң 155 бейтап көз жумган. Бүгүнкү күндө 3 441 адам ооруканаларда, дагы 3941 адам амбулатордук шартта үйүндө дарыланууда.
29 ноябрда 137 жаңы учур аныкталды, 84 калыбына келтирилди жана 1 өлүмгө алып келген натыйжалар.
Бүгүн Бишкек шаарында пневмония вирусунан улам пайда болгон COVID-19 жана пневмония ооруларынын жалпы саны 24 миң 365ти түздү, анын ичинен пневмония – 11 081.
Кыргызстанда вирус алгачкы жолу катталып, аныкталган соң 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган.
3-апрель2020 — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап вирустан каза болуп, алгачкы өлүм катталган. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Бейтапта дагы башка өрчүп кеткен оорулары бар болгондугу кабарланган.
4-апрель2020 — Ош облусунунНоокат районунда 80 жаштагы бир бейтап каза болгон. Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Ага бардык тийиштүү чаралар колдонулган. Бирок кокустан анын абалы оорлошуп, жүрөк оорусу кармап каза болгону маалымдалган.
6-апрель2020 — Ош облусунда коронавирустун кесепетинен дагы 2 киши каза болгон. Алардын жаш курагы, вирусту кандай шартта жуктуруп алып, кайсы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.
10-апрель2020 — Өлкө боюнча коронавирустан 1 жаран каза болуп, жалпы саны 5ке жеткен. Маркум 87 жашта болгон. Ал Ноокат районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.
20-апрель2020 — Өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болгон. Каза болгон бейтаптын бири - Чүй облусуна - аял киши, 70 жашта. Экинчиси Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши. Каза болгон жарандардын өнөкөт оорулары дагы болгону маалымдалган.
22-апрель2020 — Коронавирус аныкталган 53 жаштагы аял каза болгон. Ал 5-апрелде Кемин районундагы ооруканадан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага оор абалда келип түшкөн. Маркумда кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарттары бар болгон.
2-май2020 — Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 2 бейтап каза болгон. Анын бири 1962-жылы туулган №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси. Андан вирус аныкталып, Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. 26-апрелде эки тараптуу пневмония жана коронавирус диагнозу коюлган. Ошондой эле анын башка өнөкөт оорулары да болгон. Экинчиси 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну. 28-апрелде Екатеринбург дан Кыргызстанга учуп келип, алгоритмге ылайык, обсервацияга жаткырылган. 29-апрелде коронавирус аныкталганына байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканага жаткырылган.
5-май2020 — Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан 69 жаштагы жаран каза болгон. Маркумга пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алып жүргөнү айтылган.
6-май2020 — 67 жаштагы аял Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар оорукана сында каза болгон. Анда эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тартып келген.
15-май2020 — 84 жаштагы аял Нарын облустук ооруканасында каза болду. Ага пневмония, дем алуунун III даражадагы жетишсиздиги диагноздору коюлган. Анамнезде бөйрөктүн өнөкөт оорусуна операция болгондугу белгилүү болгон. Экинчи бейтап Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында көз жумган. Ал 55 жаштагы эркек киши. Ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагнозу коюлган. Андан тышкары маркумдун өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон.
24-май2020 — Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болгон.
25-май2020 — Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө 67 жаштагы эркек киши каза болгон.
2-июнь2020 — Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши каза болгон. Ал 13-майдан бери облустук ооруканада дарыланып жаткан,29-майда жандандыруу бөлүмүнө которулган, ал оор түрдө ооруну өткөрүп, дем алууда кыйналып жаткан. Буга чейин инсульт болгон, кант диабети жана башка оорулары бар болгону кабарлаган)[6]
Пакистан — Ошондой эле Пакистанда жүргөн 72 жаштагы Кыргызстандын жаранынан вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгонун Тышкы иштер министрлиги ырастаган. Ал эми республикалык штабдан Кыргыз жараны карантинде жатканын, ал жүрөк оорусунан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун коронавируска тапшырган экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан. Анын башка өнөкөт илдеттери дагы болгонун билдиришкен.
Индия — Индияда жүргөн Кыргыз жарандарынын бири коронавируска кабылып, илдеттен каза болгон.
Аракеттер
Өлкөдө 18-мартта коронавирус аныкталып, 22-марттан тарта республиканын бардык аймактарына 1 айга өзгөчө кырдаал жарыяланган. Өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү коронавирустун жайылышына байланыштуу узартылган.
Коронавирус эпидемиясынын жайылышын токтотуу үчүн 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында дагы өзгөчө абал киргизилген. 28-апрелде Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылган. Ал эми Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Нарын шаарында 30-апрелде өзгөчө абал режими токтотулган.
Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май күнү саат 24:00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылган.
↑[1] Илимий-популярдык мезгил-мезгили менен чыгуучу журнал. 2020-жыл, №2 Негиздөөчү: К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет ОИӨК. 2008-жылдан баштап басылууда. Дареги: 715613, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад ш., “Спутник” кичи району, Жеңи-Жок көчөсү, 30.